УКМК: Сапар Исаков коррупциялык иштерге аралашкан, далил бар

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы премьердин айткандарына жооп кайтарды.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бир катар коррупциялык иштерге аралашканын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы соттун чечимдери тууралуу Исаковдун түшүндүрмөсүн тараткан. Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаковду 2019-жылдын 5-январына чейин камакта калтырып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Сапар Исаков менен учурашууга умтулган жубайы. Сот залындагы видео - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун колунан кармап калганга үлгүргөн жубайы. Сот залындагы видео
Исаков тергөө менен кызматташканын, аны мамлекеттен качып кетет деген шек жаралбашы үчүн бардык паспортторун бергенин айткан. Андан сырткары, соттордун чечиминин артында жана тергөөнүн жүрүшүн президенттин аппараты менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлдөп турганын белгилеген.

УКМК Исаков пикирин билдирүүгө укуктуу экенин, ошол эле учурда айтылган ар бир нерсеге жоопкер боло турганын билдирди. Исаков Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

"Учурда тергөө мыйзам алкагында жүрүп, бардык чечимдер соттор тарабынан кабыл алынууда. Тергөө учурунда Исаковдун коррупциялык аракеттери аныкталды. Ошону менен бирге анын башка коррупциялык иштерге аралашканынын да далили бар. Бул фактылар боюнча тергөө башталды", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды
УКМК өз билдирүүсүндө Исаков жасаган кылмыштарын жашыруу максатында элге өзүн саясий туткун катары көрсөтүп элди адаштырып, кылмыш ишин саясий нукка бургусу келип жатканы белгиленген. Андан сырткары, тергөө учурунда Исаковго эч кандай басым жасалбаганы жана анын адвокаты ар бир процесске катышып жатканы айтылат.

Тергөөнүн жыйынтыгында бардык материалдарды сотко өткөрүү үчүн Башкы прокуратурага берилет.

Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын таңуулаган деп айыпталууда. Ал быйыл 5-июнда камакка алынган

Жаңылыктар түрмөгү
0