Милиция: Кантта ЖККУ авиабазасында иштеген аскердин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖККУ авиабазасынын аскери. Архив
ЖККУ авиабазасынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча маркум этил спиртине ууланып каза болгон.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кантта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) авиабазасында кызмат кылган аскердин сөөгү табылганын Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

"15-декабрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу чыгып, кишинин ким экенин аныктаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгон жаран 39 жаштагы Россиянын жараны экени жана ЖККУнун "Кант" авиабазасында иштери аныкталды.

Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды. Алдын ала маалымат боюнча маркум этил спиртине ууланып каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0