Баткенде жер титиреди

Жазылуу
Жер 16-декабрь күнү кечинде силкинген.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер 16-декабрь күнү саат 19.20да силкинген. Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 балл, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0