Автоунаада ыйлаган боюнча калган кыз. ИИМ инспекторлорго чара көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться?
Вопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттеги видеодон кийин шаардык ЖККББнын башчысы жазага тартылган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. ИИМдин ички териштирүү кызматы автоинспекторлор коркунучта калтырып кеткен кыздын окуясы боюнча үн катты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин интернетте автоинспекторлор айнектери караңгылатылган унааны токтотуп, ичинен аялдын кыйкырып жардам сураган видеосу тараган. Унаанын айдоочусу байкеси менен жеңеси чырдашып жатат деп түшүндүргөн. Анткен менен салондон "мен анын жубайы эмесмин!" деген үн чыккан. Инспекторлор эч кандай жардам бербестен айдоочуну кое берген. 

"Кыздын абалы жакшы. Аман-эсен, ден соолугу дурус", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Ички териштирүүдөн кийин эки инспектор менен батальондун командири кызматтан бошотулуп, Бишкек ЖККББнын башчысы менен бир катар кызматкерлерине сөгүш берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0