Бишкекте дайынсыз жоголгон 25 жаштагы жигит изделүүдө. Сүрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовГустой туман в Бишкеке
Густой туман в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изделип жаткан киши 21-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук милициясы дайынсыз жоголгон Маликов Хонтур Жамол Углини издеп жатат. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаБез вести пропавший Маликов Хонтур Жамол Угли
Без вести пропавший Маликов Хонтур Жамол Угли - Sputnik Кыргызстан
Без вести пропавший Маликов Хонтур Жамол Угли

Маалыматта 25 жаштагы жигит 21-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегени айтылат.

Келип калаар… Ата-энесин арманга салып, азыркыга чейин табылбай жаткан балдар - Sputnik Кыргызстан
Келип калаар… Ата-энесин арманга салып, азыркыга чейин табылбай жаткан балдар
Анын бою 175-180 сантиметр, чачы кара, дене түзүлүшү арык. Бозумтук түстөгү куртка, спорттук шым, кара топу, бутуна көлөч кийип кеткен.

Ошондой эле анын талмасы бар жана акыл-эси жагынан оорулуу экени айтылат.

Эгер Маликов Хонур Жамол Углини көргөндөр болсо, Свердлов РИИБине төмөнкү телефон номурлар аркылуу кабарлоону өтүнөт: (0553) 102-387; (0706) 32-62-62.

Жаңылыктар түрмөгү
0