КРдин эмгек сиңирген артистин өлтүрүүгө буюртма алды деген шектүү кармалды

© AFP / DOMINICK REUTER Национальная стрелковая ассоциация в Гаррисберге
Национальная стрелковая ассоциация в Гаррисберге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалыматында белгисиз эки жаран артист менен жубайын өлтүрүү үчүн кылмышкерге 10 000 доллар сунуштаганы айтылат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаев менен жубайын өлтүрүүгө буюртма алды деп шектелген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, белгисиз эки жаран аларды өлтүрүү үчүн кылмышкерге 10 000 доллар сунуштап, алгачкы акысы катары 1000 доллар беришкен.

"Буга чейин Бишкектин тургуну маалымат жыйын өткөрүп маданияттын эмгек сиңирген ишмери делген аял Турсунбаев менен жубайын өлтүрүүгө буюртма берилгендиги туурасында билдирген. Анын айтымында, чыр 2016-жылы ал аялдын эл артисти наамын алганы, ага кошумча диплому жасалма экени ачыкталгандан кийин чыккан. Мунун арты бейбаштык иш-аракеттери менен ур-токмокко алууга, адам өлтүрүүгө буюртма берүүгө алып келген", — деп айтылат маалыматта.

Нурканбек Турсунбаевдин сабалышы боюнча ушул жылдын ноябрь айында 234-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Ал эми адам өлтүрүүгө буюртма берүү фактысы боюнча октябрда 27-97-беренелердин ("Адам өлтүрүүгө даярдануу") негизинде кылмыш ишин козгогон. Быйыл жазда документтерди жасоо фактысы боюнча иш козголгон болчу.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйдөгү жаңжалды арачалаган кошунасын бычактап... Шектүү колго түштү
"А.А. аттуу негизги күбө суракка алынып, көрсөтмө берген. Анда Турсунбаев менен аялын өлтүрүү үчүн эки жаран ага 10 000 доллар сунуштап, алгачкы акысы катары 1000 доллар бергенин айткан. Ал башында тергөө менен кызматташып, кийинчерээк изин жашырып кеткен. Ноябрда ага издөө жарыяланган. Натыйжада ал кармалып 12-декабрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди", — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда бардык козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат. Иш ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0