Кырсыктан жабыркаган жүргүнчүсүнүн дары-дармегин төлөбөй жүргөн таксист кармалды

Жазылуу
Таксист жабыркаган жүргүнчүлөрдү ооруканага жеткирип, изин сууткан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Авто издөө" рейди учурунда кырсыкка кабылган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (таксист) кармалды.

Чүй ЖККБнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, таксист жабыркаган жүргүнчүлөрдү ооруканага жеткирип, изин сууткан.

"10-декабрь күнү кырсыктан жабыркаган такси жүргүнчүлөрүнүн бири арыз менен кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Бишкек — Ош унаа жолунун 55-чакырымында Таластан Бишкекти көздөй келе жаткан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, капталынан кулап калган. Айдоочу жүргүнчүлөрүн ооруканага жеткирип дары-дармегин төлөп берүүнү мойнуна алган, бирок кийин изин суутуп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктан төрт жүргүнчү жабыркаган, алардын үчөө ооруканага баруудан баш тарткан. "Авто издөө" рейди учурунда Чүй ЖККБнын кызматкерлери 12-декабрь күнү жашынып жүргөн таксистти колго түшүрдү. Ал 25 жаштагы Б.У. аттуу жаран экени аныкталды. Анын унаасы атайын короого токтотулуп, иш Жайыл РИИБинин тергөө абагына өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0