Милиция: адамды уурдап кетип, документке кыйнап кол койдургандар кармалды

Жазылуу
Белгисиз адамдар жабырлануучуну талаага алып барып сабаган. Алар "700 миң сом төлөп берем" деп милдеттендирген документке мажбурлап кол койдурган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн укук коргоочулары адам уурдоого шектелген кишини кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында милицияга 32 жаштагы Д.М. аттуу киши кайрылып, төрт адамды жоопко тартууну суранган. Алардын экөөсүн тааный турганын билдирген.

"7-декабрь күнү саат 13.30да белгисиз адамдар жабырлануучуну Бишкектин көчөлөрүнүн биринен унаага зордоп салып, Аламүдүн районундагы талаага алып барышкан. Ал жактан аны сабап документке кол койдурууга аракеттенишкен",— деп айтылат маалыматта.

Абактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыз зордуктап түрмөгө түшкөн милиционерлер... 90-жылдардагы кылмыштар
Бир нече саат сабагандан кийин жабырлануучуну унаага салып Бишкектеги имараттардын бирине алып келишкен. Ал жакта жеке ЖЧК жайгашкан. Комапниянын жетекчиси 32 жаштагы жабырлануучуну "700 миң сом төлөп берем" деп милдеттендирген документке мажбурлап кол койдурган.

Кийин кылмышкерлер аны кое бергенден кийин жаран Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазып кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинки күнү эле укук коргоочулар 27 жана 24 жаштагы эки шектүүнү колго түшүргөн. Экөө тең №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп калгандары изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0