Рязанда кыргызстандык таксист жүк ташуучу унаа менен кагышып 4 адам каза болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон айдоочу жана бир жүргүнчү кыргыз жараны, калган үчөө өзбек, тажик улутундагы мигранттар болгон.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Москвада иштеген Кыргызстандын эки жараны 8-декабрда Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып набыт болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

© Фото / ГУ МЧС по Рязанской области Подробнее на RZN.info: https://www.rzn.info/news/2018/12/8/mchs-opublikovalo-foto-s-mesta-smertel-noy-avarii-v-shilovskom-rayone.htmlМосквада иштеген Кыргызстандын эки жараны 8-декабрда Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып набыт болду
ДТП с участием таксиста из Кыргызстана в Шиловском районе Рязанской области - Sputnik Кыргызстан
Москвада иштеген Кыргызстандын эки жараны 8-декабрда Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып набыт болду

Анын айтымында, мекендештер Казакстандын чек арасына кирип кайра кайтып келе жатканда жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Унаа ичинде беш адам бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен төртөө набыт болуп, бирөө ооруканага түшкөн. Каза болгон айдоочу жана бир жүргүнчү кыргыз жараны, калган үчөө өзбек, тажик улутундагы мигранттар болгон.

"Айдоочу Чүйдүн Сокулук районунун 38 жаштагы тургуну. Москвада жубайы, эки баласы менен иштеп жүргөн. Дагы эки кызы Кыргызстанда экен. Экинчиси 41 жашта, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда туулган. Алардын сөөгүн өлүкканадан чыгарып Москвага алып келүү үчүн бүгүн эки унаа жөнөттүк. Кырсык бизден 300 чакырым алыс жерде болгон. Учурда маркумдардын туугандары жана таксисттер менен биргеликте акча чогултуп сөөгүн жөнөтүү аракетинде жүрөбүз", — деди Кошматов.

Өлүктү түшүрүп жаткан ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт
Жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, бирөө жаракат алганы тууралуу Россия ИИМинин Рязань облусу боюнча башкармалыгы да тастыктады.

Расмий сайтына жарыяланган маалыматта Шиловский районунун Крутицы айылында 8-декабрь күнү саат 10.00дөр чамасында Mitsubishi Lancer менен Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышканы айтылат. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Пенза облусунун жашоочусу.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка жеңил унаанын карама-каршы тилкеге чыгып кетиши себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0