Кыз зордуктап түрмөгө түшкөн милиционерлер... 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАбактагы адамдар. Архив
Абактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда декабрь айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы чуулгандуу окуяларды тизмектейт.

Бул сапар 100 миң сом үчүн түрмөдө күзөттө турган жаш жоокер кылмышкердин колуна ачкыч карматканы, үч милиционердин жаш кызды паркта зордуктаганы өңдүү чуулгандуу окуялар чагылдырылат.

Погончон зөөкүрлөр

© Sputnik / Мирбек СакеновПогончон зөөкүрлөр
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Погончон зөөкүрлөр

Милицияда чогуу иштеген үч дос түндө жумуштан чыгып кинотеатрга барган кыз-жигитке кол көтөргөн. Алар баланы катуу сабап ара жолго таштап, жанындагы сулууну паркка алып барып зордуктаган. Көп өтпөй ошол эле күнү погончондор кесиптештерин колго түшүрүп, камакка алган. Кийин жаш кызга кол салгандар темир тор артындагы адамдардан таяк жеп, ооруканага жатканга чейин жетишкен.

Мыкаачы кызганчаак жигит

© Sputnik / Мирбек СакеновМыкаачы кызганчаак жигит
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Мыкаачы кызганчаак жигит

32 жаштагы жигит мамилелеш болуп жүргөн келиндин үйүнө келип, анын батириндеги жашоочуларды бычактаган. Эргул үй ээсин, анын энесин жана кызын бир нече жолу сайып жиберген. Жыйынтыгында келин менен 10 жаштагы кыз ооруканада дарыгерлердин жардамы менен аман калган. Ал эми жабырлануучунун улгайган энеси алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Көрсө, бычак ала жүгүргөн эркек келиндин көптөн бери жанын койбой, ага үйлөнүү үчүн болгон аракетин жасап жүргөн экен.

Түрмөдөн качкан жоокер

© Sputnik / Мирбек СакеновТүрмөдөн качкан жоокер
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөн качкан жоокер

Соттолуп камакта жаткан адам түрмөдө күзөттө турган жаш жоокер менен сүйлөшүп, үйүнө түн ичинде барып келе калайын деп ага 50 миң сом берген. Ал күнү кызматкер аны эркиндикке чыгарып жиберген. Андан соң ал кайра 100 миң сом берем деп алдап, түрмөдөн чыккан боюнча таптырбай кетип калган. Эртеси кылмышкердин колуна ачкыч карматкан жоокер да качып жөнөгөн. Бирок ал бир жумадан кийин милиционердин колуна түшкөн. Акчага азгырылган жигитти сот жети жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жолу кесилген кылмышкер болсо ошол боюнча дайынын таптырган эмес.

Курал көтөргөн окуучулар

© Sputnik / Мирбек СакеновКурал көтөргөн окуучулар
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Курал көтөргөн окуучулар

Борбор калаадагы спорттук мектепте окуган үч жигит жолдон такси токтотуп, аны көздөгөн жерине айдаткан. Шектүүлөр барчу жерине жеткенде 30 жаштагы айдоочуга кол салып, бирөө тапанча менен коркутса, экинчиси ур-токмокко алган. Ал эми артында отурган үчүнчүсү таксистти шарф менен муунта баштаган. Анысы аз келгенсип, жабырлануучуну өлтүрүп салабыз деп коркутуп, колу-бутун байлап унаанын артына жүктөшкөн. Көп өтпөй машинаны шаар аралап айдап жөнөгөндөрдүн экөө укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшүп, айдоочу аман калган. Алардын үчүнчүсү из жашырып таптырбай кеткен.

Көчөдө келинге кол салган милиционер

© Sputnik / Мирбек СакеновКөчөдө келинге кол салган милиционер
Преступления 90-годов в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө келинге кол салган милиционер

Укук коргоо органында иштеген жаран кечинде көчөдө кетип баратып, жол боюнда майда-чүдө саткан жаш келин менен жыныстык катнашка барганга аракет кылган. Өзүн токтото албаган милиционер коомдук жайда күч колдонуп, келиндин ич кийимин айрып ийгенге жетишкен. Сот аны бир жылга эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0