Бишкекте бычакталган милиционер. Кылмыштын чоо-жайы ачыкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычкар кармаган адам. Архив
Бычкар кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотто кылмышкер милиция кызматкерин эмнеге бычактаганын айтып берсе, ал эми тартип сакчынын кесиптеши 25 жаштагы ага лейтенанттын өлөр алдындагы акыркы сөзүн эске салды.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Бишкектин чок ортосунда милициянын ага лейтенанты Уларбек Майрамбековдун өлүмү боюнча өкүм чыгарып, айыпкер 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, Майрамбеков 2017-жылдын 26-октябрына караган түнү борбор калаанын Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бычакталган. Кылмышка күнөөлүү деп 26 жаштагы С.Б.М. табылган болчу.

Айыпкер Россияда соттолуп чыккан

С.Б.М. баңгизат сатуу ниети үчүн 2013-жылы Россиянын Москва облусундагы Люберцы соту тарабынан үч жыл алты айга кесилген.

Иштин жаңы өңүтү

Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Караңгыда бычак жеп, капыстан окко учуп... Кызматында ажал тапкан милиционерлер
Буга чейин милиция мессенджерлердин бириндеги ВаЬиг.о аккаунтунун баракчасында "Ислам мамлекети" террордук уюмдун желеги тартылганын аныктап чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө аккаунттун ээси С.Б.М. экени аныкталган. Бул экстремисттик жана террордук уюмдун символикасын билип туруп атайын пайдалануу катары бааланып, аккаунттан ИМге тиешелүү материалдар да табылган.

Сот актысында белгиленгендей, каргашалуу күнү С.Б.М. көчөгө бет капчан, колуна бычак алып каракчылык жасоо үчүн чыккан.

Маркумдун кесиптеши Э.Н.Э. Майрамбековду болжол менен саат 22.00дө Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишине калтырып кеткенин айтып берди. 30-40 мүнөттөн кийин кайра чалып, бычак жегенин билдирип, кайтып келүүсүн өтүнгөн. Э.Н.Э. окуя болгон жерге келгенде Тез жардам унаасын көргөн.

Кылмышкер эмне дейт

Эч кимди тонобой эле коеюн деген ой менен үйгө кайткан. С.Б.М. Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине такси кармоо үчүн келген. Анын айтымында, жанына милиционер келип, аты-жөнүн, жашаган жерин сурай баштаган. Алгач жай сүйлөсө, кийинчерээк үнү катаалдана баштаган. Көрсөтмөдөгү сөзү боюнча милиционер кызматын айтып өзүн тааныштыргандан кийин акча талап кылып, айыпталуучуну кармап алууга аракеттенген. С.Б.М. "кооптонуп, автоматтык түрдө бычагын алып сайып качып жөнөгөн".

Өкүм

Сот айыпкерди Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча соттоду:

— 299-2-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды сактоо, жайылтуу, экстремисттик уюмдардын символикасы менен белгилерин атайылап колдонуу");

Сексуальное насилие в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Карындашынын жылаңач сүрөтүн интернеттен көрүп... Ноябрдагы чуулуу окуялар
27-берене жана 168-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту ("Курал жана курал катары колдонулуучу буюмдун жардамы менен каракчылыкка даярдануу");

340-берене ("Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер адамын өлтүрүү").

Натыйжада С.Б.М. 25 жылга эркинен ажыратылып, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланды. Эми жазасын катуу тартиптеги колонияда өтөйт.

Баса, Маймарбековдун бычакталган учуру видеокамерага да түшүп калган.

"Ислам мамлекети" — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0