Ошто КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, бир адам көз жумду

CC BY 2.0 / upyernoz / UskarАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам жабыр тартып, бири ооруканада каза болду.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, жыйынтыгында бир адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош милициясынан билдиришти. 

Кырсык 5-декабрь күнү саат 16.00дө Ош—Сары-Таш унаа жолунун 18-чакырымында болгон. 

Ооруканага төрт адам жеткирилип, алардын ичинен 51 жаштагы эркек киши өзүнө келбеген бойдон көз жумду. 

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0