Ош шаарында өрттөн эки киши каза болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүргүчтөр. Архив
Өрт өчүргүчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо 23 мүнөттөн кийин өчүрүлсө да адам өмүрүн сактап калуга мүмкүн болгон жок.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы турак үйлөрдүн биринен чыккан өрт эки кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоону өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр 5-декабрда саат 09:11де чыгып кетип, 23 мүнөттөн кийин толук өчүргөн.

"Өрттүн кесепетинен 57 жана 47 жаштагы эки киши иске ууланып каза болгон", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин да Бишкек шаарындагы "Ош" базарында өрт чыгып, бир топ чыгымга дуушар кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0