18:36 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
ДТП с участием троллейбуса и легковушки в Бишкеке

Быт-чыты чыккан көлүк. Троллейбусту сүзгөн унаанын айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (364)
2003 0 0

Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болгонун мэриянын кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Окуя бүгүн, 5-декабрда, саат 6.55те болгон. №17 троллейбус Юнусалиев көчөсү менен жүрүп бараткан. Субанбердиев менен кесилишкен жеринде жеңил унаа менен кагышып, ал каршы тилкеге учуп барып тийген. Унаанын айдоочусу мүрт кеткени айтылды. 

  • Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
    Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
    Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте жол кырсыгынан улам бир киши каза болду

Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү окуя болгон жерде экени маалым. Жол кыймылы калыбына келтирилди. Троллейбустун айдоочусунун баш мээси чайкалып, ооруканага түштү. Жүргүнчүлөр жаракат алган эмес.

ЖККББнын маалымат кызматы кабарды тастыктады.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (364)

Тема боюнча

Ысык-Атада Mercedes-Benz коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду
Ысык-Көлдө эки аялды машина коюп кетип, бирөө каза болду
Белгилер:
жол кырсык, ЖКККББ, Бишкек мэриясы, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ