Лейлекте жылкы издеп кетип дайынсыз болгон кишинин сөөгү табылды

Жазылуу
Тургундун жоголуп кеткени тууралуу маалымат ӨКМге 2-декабрда түшкөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Лейлектин Өзгөрүш айылындагы үйүнөн 29-ноябрда чыгып, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан 48 жаштагы тургундун сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында жоголгон өспүрүмдүн сөөгү дарыянын жээгинен табылды
Буга чейин маркумдун Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп кеткени айтылган. Анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге 2-декабрда маалымдалып, издөөгө 25 куткаруучу тартылган.

3-декабрда саат 18.00дөрдө аталган жайлоодон маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0