"Ош" базарында чыккан өрт чектөөгө алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на Ошском рынке Бишкека
Крупный пожар на Ошском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоону өчүрүүгө калаадагы 3 райондун өрт өчүрүүчү бригадалары тартылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош" базардын аймагында чыккан өрт чектөөгө алынганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Тилсиз жоо тууралуу кабар 23.39да түшкөн

© Sputnik / Мирбек СакеновБорбор калаадагы Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош" базардын аймагында чыккан өрт чектөөгө алынды
Борбор калаадагы Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ош базардын аймагында чыккан өрт чектөөгө алынды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Борбор калаадагы Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош" базардын аймагында чыккан өрт чектөөгө алынды

2/2

ӨКМден жалын 00:52де чектөөгө алынгандыгын кабарлады. 

Министрликтен аталган көчөлөрдө жайгашкан контейнерлерди жалын каптагандыгын билдиришти.

 "Сатуучулардын базарга келгенге үлгүрүп калгандары товарларынын бир бөлүгүн сыртка алып чыгышты", — деп билдирди Sputnik Кыргызстандын окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы. 

Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарындагы Ленин, Октябрь, Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн бригадалары жөнөтүлгөн. Андан сырткары, ИИМден 25 кызматкер, РЭТтен бир бригада жана “Тазалык” ишканасынан бир суу ташыгыч тартылган.

Бул жыл башынан берки бешинчи ирет чыккан өрт.

Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта, үчүнчүсү 13-апрелде жана төртүнчүсү 9-августта катталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0