Жумгалда көчкү жүрүп, суу түтүктөрүн жабыркатты

Жазылуу
Учурда жер көчкү акырындык менен жылып жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесинде көлөмү 35 000 куб метр болгон көчкү жүргөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 1-декабрда болжол менен саат 12.30дар чамасында болгон. Көчкү аталган жерде көмүр казган ишкананын аймагына чейин келип, Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгүн жана эки зым карагайды жабыркаткан.

"Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок турак үйлөргө коркунуч жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көмүр казган ишкана суу түтүктөрүн калыбына келтирип жатат.

Көчкүнүн кесепеттеринен арылуу иштери 3-декабрь күнү да улантылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0