Карындашынын жылаңач сүрөтүн интернеттен көрүп... Ноябрдагы чуулуу окуялар

© AP Photo / Aaron FavilaСексуальное насилие в Маниле
Сексуальное насилие в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге бир тууган агасын өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген келин, окуучу кызды зордуктаган эргул менен интернет аркылуу чечинип эркектерге төшөк кызматын көрсөтүүнү уюштурган студенттер да кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ноябрь айындагы айрым соттук чечимдерди сунуштайт.

Вебкам уюштурган студенттер

Жалал-Абадда жаш кыздарды кыйнап иштеткен сойкукана табылды. - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда жаш кыздарды кыйнап иштеткен сойкукана табылды. Видео
17 жаштагы кыздын телефонуна жогору маяна сунуштаган жумуш жөнүндө билдирүү келет. Бийкеч баарлашууга барып, интернет аркылуу чечинип эркектерге төшөк кызматын көрсөткөн модель болууга макул болуп иштей баштаган. Күндөрдүн биринде бир тууган агасы карындашынын жарым жылаңач сүрөтүн интернет айдыңынан көрүп калат. Шак эле укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, милиционерлер мыйзамсыз ишти 20 жаштагы студент кыз менен эркек бала уюштургандыгын аныктаган. Алардын ар бири 30 миң сомдон айып төлөмөй болушту.

Жип талашкан эже-сиңдилер

Жаш кыз тууганынан уруксат сурабай үйүнөн жип алган. Ошонун айынан эже-сиңдинин ортосунда мушташ чыгып, үй кожейкеси мейман болуп келген кыздан таяк жеген. Жеңил жаракат алып, денеси көгала болгон жабырлануучуга айыпкер кыз 5000 сом төлөйт.

Чоң муштум өгөй ата

26 жаштагы эркек үйгө мас болуп келип 10 жаштагы өгөй кызын катуу сабаган. Эргул кичинекейди канжалата уруп, денесин көгала болгуча муштагылаган. Эми ал чоң муштум "ата" бир жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду. Иликтөөнүн жүрүшүндө эркек мындай зомбулугун буга чейин да жасап келгени аныкталган.

Көчөдөгү кандуу мушташ

Заседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы  в Свердловском районном суде Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жаныман ызырынган бирөө өткөн. Бурулайдын өлүмүнө шектүү Бөдөшев өз версиясын айтты
Кампада иштеген эки жумушчу көчөдөн катуу үндү угуп сыртка чыга калса, бир киши эркекти лом менен ургулап жатканын көрүшөт. Таяк жеп жаткан адамга жардам бергени барганда жабырлануучу бир топ эле жаракат алганы белгилүү болгон. Кийин алардын мушташына ортодо чыккан айтышуу себеп болгону аныкталды. Катуу таяк жеген эркек тез жардам унаасында көз жумган. Ал эми анын өмүрүнө забын болгон 27 жаштагы тургун 18 жылын эми абакта өткөрөт.

Зордуктап, элге жаям деп коркутуп…

Түн ортосунда өспүрүм кызды телефон менен көчөгө чакырып чыгып, анан аны эски үйгө алып барып зордуктаган жигит болгон окуяны айылдагыларга айтам деп коркутат. Кыз өз жанын кыюуга аракет кылганы жатканда ата-энеси билип калып, кылмышкерди милиция колго түшүргөн. Ал териштирүү маалында жабырлануучу менен буга чейин деле жакын мамиледе жүргөнүн билдирген. Сот аны 15 жылга эркинен ажыратты.

Бир тууган агасын өлтүргөн келин

Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
23 жыл мурда чарчаган наристеге паспорт берип... Мамкаттоо кызматкерине иш козголду
Буга чейин бир жолу соттолгон аял бир тууган агасы менен жакында эле каза болуп калган инисинин үй-бүлөсүнө үйдү өткөрүп берүүнү сүйлөшүп отуруп тил табыша албай уруша кеткен. Аягында мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген. Окуя болгон соң келин маркумдун унаасын Бишкекке айдап келип сатууга аракет кылган. Ойлогону ишке ашпай калгандыктан күйөөсү жана кичүү баласы үчөө Казакстанга качып кетишкен. Териштирүү маалында ал кылганын мойнуна алып, кокусунан өлтүрүп алганын айткан. Агасынын өмүрүнө забын болгон аял эми 22 жылын темир тор артында өткөрөт.

Айылдашына ок атып

26 жаштагы жигит тогуз жаштагы баланы пневматикалык мылтыгы менен көзгө атып алган. Каргаша кокустуктан болгонун айткан адам кылганын жарым-жартылай моюндады. Ал эми баланын оң көзү көрбөй калып, ок баш сөөгүндө калып калган. Куралдын ээси үч жылга шарттуу кесилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0