"Иш козгойм" деп коркуткан. Прокурордун өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап
Стендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук прокуратура Мелис Калыков жетектеген Капиталдык курулуш башкармалыгына эки жылдан бери бир нече жолу пландык жана пландык эмес да текшерүү жүрүгүзүп турган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов шектүү Мелис Калыковго процессуалдык чара колдонуудан тарта кылмыш ишин козгоого чейин барам деп коркуткан. Бул тууралуу шектүү милицияга берген көрсөтмөсүндө айтканын Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, облустук прокуратура Мелис Калыков жетектеген Капиталдык курулуш башкармалыгына эки жылдан бери бир нече жолу пландык жана пландык эмес да текшерүү жүргүзүп турган.

"Бул аралыкта Капиталдык курулуш башкармалыгына эки кылмыш иши козголуп бири токтотулса, экинчиси сотко өткөн. Мындан сырткары, Калыковдун өзүнө административдик иш козголуп, ушул жылдын 2-мартында соттун чечими менен 10 миң сом айып салынган. Козголгон иштер анын кызматына байланыштуу болгон. Прокурор шектүү Калыковго кылмыш ишин козгойм деп коркутканы анын өлүмүнө себеп болгон", — деди Бейшекеев.

Ошондой эле ал прокурорлор окуядан бир күн мурун Мелис Калыковдун жакындарынын тоюна барып, ошол жерден баары эртеси аңчылыкка чыгууга макулдашканын кошумчалады. Алардын курал колдонууга уруксаты болгону менен аңчылык кылууга уруксат алышпаганын белгиледи.

Бейшекеев Мамажакыповдун кол алдындагылар менен пикир келишпестиги болгон деген маалымат тастыкталбаганын айтууда. Ал иштеген жарым жылдын ичинде эч кимге рапорт берип же жетекчиликке билдирүү жиберген эмес.

Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Мамажакыповдун иниси: агамдын өлүмүн Баткен прокурорлору уюштургандай
Териштирүүнүн натыйжасында облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору, орун басары менен кошо иштен алынды. Буга чейин алар тергөө иштери бүткөнгө чейин кызматтан убактылуу четтетилген болчу. Прокурорлор жетекчисин мас абалында рулга отурган адамдын унаасына салып жибергени боюнча жаза алган.

Эскерте кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Деген менен шектүүнүн да, маркумдун да туугандары тергөө иштерине нааразы. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0