Улуттук университеттеги коррупциялык иштерди депутаттар иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган окуу жайдын профессор-окутуучулары депутатка келип, мыйзамсыз иштен алынып жатышканына нааразычылыгын айтышкан.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги алешемдиктерди парламенттин комитетинен түзүлгөн жумушчу топ иликтей турганын билдирди. Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага аталган жогорку окуу жайдын профессор-окутуучулары келип иштен мыйзамсыз алынып калганын айтышкан. Ошондой эле аларга куугунтук болуп жатканын билдирип, чара көрүүнү суранышкан.

"Академик, профессорлорду 65ке чыктың деп саатын 0,25 ставкага кыскартып салып жатышыптыр. Алды соттошуп кайра бир ставка алгандары бар экен. Ал жерде биздин маалымат боюнча 28 миң студент окуйт. Контракттын баасы 35 миң сом, бул эмне деген каражат, элестетип көргүлө?" — деп суроо салды депутат.

Бокоев ошондой эле окуу жайдын студенттери жатакана менен аудиториядагы шарттын жогун айтып, буга чейин маалымат жыйын өткөрүшкөнүн белгиледи.

"Студенттердин жатакасындагы абал начар, суу жок. Же аудиториясы азыркы технологиянын талаптарына жооп бербейт. Алар муну ректордун кемчилиги катары көргөзүп жатышат. Мына ушуга көңүл буруп, комитет аркылуу жумушчу топ түзүп, иликтөөгө албасак болбойт", — деди ал.

Бокоев, андан сырткары, бул иш боюнча төрагадан протоколдук тапшырма берүүнү суранган. Спикер Дастан Жумабеков депутаттын өтүнүчүн канааттандырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0