Жаныман ызырынган бирөө өткөн. Бурулайдын өлүмүнө шектүү Бөдөшев өз версиясын айтты

© Sputnik / Нурис АлымбаевЗаседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы в Свердловском районном суде Бишкека
Заседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы  в Свердловском районном суде Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучу Бурулайды эки ирет ала качканын, биринчисинде агасынын тилин угуп, кызды жолдон кайра артка кайтарганын билдирди.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча иш каралып, негизги шектүү Марс Бөдөшев суроолорго жооп берди.

Айыпталуучунун айтымында, ал Бурулайды каргашалуу окуя болгонго чейин, тагыраагы, 4-майда дагы ала качкан. Бирок Таласка жетейин деп калганда агасынын кеңеши менен кызды кайра артка кайтарган.

"Сегиз жыл маршрутка айдап иштедим. Бурулайды сыртынан 10 жылдан бери эле билчүмүн. Атасы менен дагы чогуу иштешкем. Акыркы үч жылдан бери Бурулай менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүм. Досторубуз менен кафеге барып чогуу тамактанган күндөр болгон. Нази деген эжеси төрөт үйүндө жатканда дагы аны көргөнү чогуу барганбыз. Кийин мага турмушка чык деп шакек, гүл белек кылгам. 4-май күнү сабагына барсам чыкты. Апасы экөөбүздүн баш кошуубузга каршы болуп жатканын билдирди", — деди Бөдөшев.

Айыпталуучу Бурулайдын колун сураш үчүн анын ата-энесинин алдынан өтүүнү чечкен.

Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
"Анда жүрү, апамды салып алып үйүңө баралы" десем болбой койду. Ошондо ала качты кылып алып кетейин деп автобекетке бардык. Маршруткамды ал жерге таштап, Бакай деген досумдун жеңил автосун сурап, ошону менен Таласка жөнөдүк. Парижге жеткенде апасына чалып "өзүмдүн көңүлүм менен кетип баратам" десе, апасы урушуп салды. Атасы менен сүйлөшкөндө дагы "өзүм кетип атам" деп айткан болчу. Атасы урушкан эмес", — деди Бөдөшев.

Ал ошондой эле биринчи жолу Таласка жетерде кайра эмнеге артка кайтканын да айтып берди.

"Өтмөктөн өткөндө Жолдошбек деген байкем чалды, Таласка жетейин деп калдык десем, "менин душмандарым көп, бирөөнүн кичүү кызын ала качып кетиптир дедиртпей, эки айдан кийин жакшынакай кылып сөйкө салып алабыз. Артка кайткыла" деди. Ошону менен шаарга кечинде келип кызды Майрамбек деген байкем менен жеңеме өткөрүп бердим. Өзүм үйгө кетип калгам", — деди айыпталуучу.

Ал эми 27-майдагы каргашалуу окуяны Бөдөшев төмөнкүчө сүрөттөп берди.

Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео
"27-майга чейин 4-5 күн мурун Бурулай менен сүйлөшкөм. Ал "апам мени танда же аны танда деп болбой койду" деди. Жолугалы десем, үйдөн чыгарбай турганын айтты. Ишемби же жекшемби күнү мончого барам, ошондо жолугушум мүмкүн деп койду. Ишемби келдим, чыккан жок. Кийинки күнү дүкөнгө кирип баратканын көрүп, унаамды ошол жерге токтоттум да колунан сүйрөп арткы орундукка салдым. Колун оорутум алдымбы, чочуп кыйкырып жиберген. Өзүм рулга отуруп айдаган бойдон кеткем. Фучик жактан Акмат досумду салдым. "Сосновка" постунан 400-500 метр өткөндөн кийин жол инспекторлору тосту. Бурулайдан "сени ала качып баратабы" деп сурашты, ал унчуккан жок. Жашың канчада десе 20га чыктым деп койду", — деди Бөдөшев.

Айыпталуучу андан аркы окуяны төмөнкүчө баяндады.

"Анда силер турбайсыңарбы деп бизди алып кетишти. Милициянын пунктуна барганда чөнтөктө эмне бар экенин сурашты. Капчыгымдан башка эч нерсе жок болчу. Андан ары РИИБге бардык. Алгач үчөөбүздү бир бөлмөгө киргизишти да кайра Акмат экөөбүздү чыгарып коюшту. Кыз менен сүйлөшүп алайын десем киргизишкен жок. Болбойт окшойт деп турсам, Бурулай отурган бөлмөнүн эшиги ачык экен. Аны менен сүйлөшүп туруп калдым, ата-энең келсе сүйлөшүп жүргөнүбүздү айт деп сурандым. Ал болсо "айта албайм" деп баш тартып койду. Ошол маалда ким экенин билбейм, бирөө ызырынып, сөгүнүп өтүп кеткен. Мен аны карап калсам, Бурулай күлүп койгон. Ошол бойдон эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын", — деди Бөдөшев.

На скамье подсудимых — обвиняемый в убийстве девушки Марс Бодошев и Ахмат Сейитов, проходящий по уголовному делу как соучастник похищения. - Sputnik Кыргызстан
Соттолуучунун агасы: Бурулай биринчи жолкусунда баш кошууга каршы болгон эмес
Белгилей кетсек, Бурулай Турдали кызы ала качуунун курмандыгы болгон. 19 жашар кыз медициналык колледжде билим алчу. Атасынын айтымында, ал өтө аракетчил, токтоо мүнөз эле. Кичинесинен дарыгер болууну кыялданган Бурулай окууга өз күчү менен өтүптүр.

Каргашалуу окуя ушул жылдын 27-майында катталып, 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салганы айтылган.

Маркумдун өлүмү боюнча сот иши азыркыга чейин уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0