Ысык-Көлдө эки бус кагышып 14 адам жаракат алды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая медицинская помощь в Москве
Скорая медицинская помощь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш киши травматология бөлүмүнө жеткирилип, дагы бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дыйшын айылында эки бус кагышып 14 адам жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 25-ноябрда, саат 9.00дөр чамасында болгон. Жаракат алган жүргүнчүлөрдүн бешөө травматология бөлүмүнө жеткирилип, дагы бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн, керектүү дары-дармектер жетиштүү.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул маалыматты тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0