Бишкекте тез жардам дарыгери менен аны чакырган киши мушташа кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктерди аялдын дене табы көтөрүлүп кеткендиги үчүн чакыртышкан.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгери менен эркек киши мушташа кетти. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жерине милиция кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын аныкташты.

"Борбор калаадагы үйлөрдүн биринин кожойкесинин дене табы көтөрүлүп кеткендиктен, тез жардам чакыртышкан. Дарыгерлер келгенде аялдын күйөөсү "кеч келдиңер" деп доомат коюп, фельдшер экөө айтыша баштаган. Акырында экөө мушташа кетип жаракат алышкан",— деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

 

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш иши козголду.

Учурда Биринчи май райондук милициясына эки арыз түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0