Баткенде облустук прокурорду атып кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облустук милициясынын кызматкерлери шектүүнү кармагандыгы айтылууда.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 18-ноябрга караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жолдон  табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди. 

© Фото / сайт Генпрокуратуры КРПрокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов - Sputnik Кыргызстан
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов

"Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Баткен облустук милициясынын кызматкерлери шектүүнү кармады. Учурда ал көрсөтмө берип жатат. Ал прокурорду тирүү кезинде акыркылардан болуп көргөн. Маркумдун автоунаасы башка жерден табылган", — деди Сеитов.

Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө арыктан киши колдуу болгон 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды
Баткен облустук ИИББдеги маалымат булагынын айтымында, Анарбай Мамажакыповду алгач сабап, андан кийин атып өлтүрүшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду ноябрь айынын башында атып кетишкен. Ал учурда тирүү калганы менен кийин алган жаракатынан айыга албай  каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0