Россиядагы кырсыктын видеосу. Унаага тагылган КР номери жасалма болуп чыкты

© AFP / BERND WÜSTNECK / DPAЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын номери тагылган унаа кырсыкка кабылып, айдоочусу менен жүргүнчүсү каза тапкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россияда кырсыкка кабылган Toyota Crown үлгүсүндөгү унаага тагылган 03kg 409 MRA мамлекеттик номери жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, WhatsApp тиркемесинде Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган Toyota Crown кырсыкка кабылып, айдоочу менен жүргүнчү каза болгону тууралуу маалымат тарап жатат.

"Бүгүнкү күндө MRA сериясындагы унаа номерлери чыга элек", — дешти Мамкаттоодон.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырсык 15-ноябрь күнү саат 15.29дар чамасында Кемерово облусундагы Ленин-Кузнецкий трассасында болгонун жана унаадагы каза болгон адамдар Россиянын жарандары экенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0