Прокуратура: Свердлов райондук сотунун экс-судьясына иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековДело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой
Дело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы сот Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айрым соттору мал-мүлкүн жашырып койгону аныкталды
Маалыматка ылайык, айыпталуучу Э.Д. буга чейин бир нече адамдан турган кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, бирөөнүн ишканасын тартып алуу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Ал 2016-жылы Жарандык процессуалдык кодекстин 26 ("Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү") жана 27-1-беренесинин ("Бири-бири менен өз ара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу") талаптарын бузганы айтылууда.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 303 ("Коррупция"), 313-1 ("Пара алуу"), 313-2 ("Опузалап пара талап кылуу") жана 314-беренелери ("Пара берүү") боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0