18:22 25 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)
173 0 0

Жол кырсыгынын кесепетинен троллейбус линиясы жабыркаган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирип, кырсыктын сүрөтүн редакциянын WhatsApp номерине жөнөткөн.

  • Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган
    Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Окуя Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган
    Окуя Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Жабыркагандар катталган эмес, машина атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди.
    Жабыркагандар катталган эмес, машина атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 3
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Борбор калаада таштанды ташыган унаа троллейбус мамысын сүзүп, коомдук транспорттун линиясын бузуп алган

Анын айтымында, окуя Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде катталган.

Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аталган фактыны тастыктады.

"Кырсык 15-ноябрь күнү болжол менен эртең мененки саат 8:00дөрдө катталган. Окуя болгон жерге ЖКККББ кызматкерлери барган. Жабыркагандар катталган эмес, машина атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилет", — деп жазылат маалыматта.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, аталган унаа "Тазалык" ишканасына карабайт.

"Шаарда 20дай жеке ишкана бар. Кырсыкка кабылган унаа ошол ишканалардыкы болушу ыктымал", — дешти мэриядан.

Муниципалитет жол кырсыгынан жабыркаган линия калыбына келтирилгенин кошумчалады.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)

Тема боюнча

Кочкордо дарак сүзүп тамтыгы чыккан BMW унаасындагы 4 киши аман калды. Сүрөт
Ошто унаа даракты сүзүп, ичиндеги кыз менен жигит каза болду
Белгилер:
таштанды, жол кырсык, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ