Баш прокурор Нарын облустук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРассмотрение апелляции на арест А. Кокорина и П. Мамаева
Рассмотрение апелляции на арест А. Кокорина и П. Мамаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Судья аял сот айыптоочунун сөзүн бөлүп жана залдан чыгып кеткен жарандарды күнөөлүү деп таап, 10 000 сомдук айып салуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Башкы прокурор Нарын облустук сотунун судьясы А.Д.га карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган көзөмөл органынан кабарлашты.

Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айрым соттору мал-мүлкүн жашырып койгону аныкталды
Маалыматта сот өкүм чыгарууда чектен чыгып кеткен деген кине коюлган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 305 (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 328-беренелеринин (Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) негизинде козголгон.

Сентябрь айында Нарын шаарында өтүп жаткан сот жараянынын биринде жабырлануучунун өкүлдөрү жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлүп, сотко урмат көрсөтпөй, судьянын эскертүүсүнө карабай, залдан чыгып кеткен.

"Кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, кылмыш иш козголо элек иш боюнча "Сотту сыйлабастыгы үчүн" токтом чыгарып, Кылмыш кодексинин 321-беренесинин негизинде ("Сотту сыйлабаганы үчүн") жабырлануучулардын төрт өкүлү — М.А., Б.А., Т.Ж. жана Т.А. аттуу жарандарды күнөөлүү деп таап, 10 000 сомдук айыпка жыккан", — деп айтылат маалыматта.

Генпрокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот менен баш прокурордун эмне байлыгы бар? Декларация
Андан соң Нарын шаарынын прокуроруна апелляциялык арыз келип түшүп, ал облустун соттук коллегиясында каралып судья А.Д. чыгарган токтом октябрь айында жокко чыгарылган.

Маалыматта, аталган судьянын мыйзамга туура келбеген аракетинен улам, аталган төрт жарандын укугу бузулган деген бүтүмгө келишкен.

Ал эми 30-октябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан судья А.Д.га кине коюлуп иш Биринчи май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0