Кочкордо дарак сүзүп тамтыгы чыккан BMW унаасындагы 4 киши аман калды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкеский автослалом. Звание Drift King досталось "японцам"
Бишкеский автослалом. Звание Drift King досталось японцам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки эркек менен эки аял киши райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кочкор — Чаек жолунун 12-чакырымында BMW унаасы жолдун боюндагы даракты сүзүп кырсыктаганын Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба УОБДД Нарынской областиДТП на трассе Кочкор — Чаек
ДТП на трассе Кочкор — Чаек - Sputnik Кыргызстан
ДТП на трассе Кочкор — Чаек

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү саат 9.11де болгон. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарып, Тез жардамдын дарыгерлерине тапшырышкан. Эки эркек менен эки аял киши райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми мындан эки күн муда Ошто да даракты сүзгөн унаадагы кыз менен жигит каза болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0