Бишкекте каршы тилке менен жүргөн №38 автобустун айдоочусу жазаланды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЭлектробус российского производства вышел на маршрут
Электробус российского производства вышел на маршрут - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобустун айдоочусу тартип сакчыларга экинчи жол эрежесин бузбай турганын айтып сөз берген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте жолдун каршы тилкеси менен айдаган №38 автобустун айдоочусу жазаланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ЖКККББнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги Белек Алымов билдирди.

№38 автобустун айдоочусу жол тыгындан улам каршы тилкеге чыгып 100 метрдей жүргөн. Окуя "Кудайберген базарына жакын аймакта болгон. Салондун ичинде жүргүнчүлөр отурган. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуИчинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео
Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео - Sputnik Кыргызстан
Ичинде эли бар автобус Бишкекте каршы тилкеге чыгып кеткен видео

"Автобустун айдоочусу ким экени такталып, милицияга чакыртылды. Кийин протокол түзүлүп, Административдик кодекстин 235-беренесине ылайык 1000 сом айыпка жыгылды", — деди Алымов.

Ал ошондой эле айдоочу экинчи мындай кайталанбай турганына сөз бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0