40 миң сомго күйөөсүн көз алдында бычактатып... 90-жылдардагы кылмыштар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун ноябрь айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы төбө чачты тик тургузган окуяларды сунуштайт.

Бул ирет майыптарды зордуктаган эргулдар, үч жыл чогуу жашаган жолдошун 40 миң сомго өлтүрткөн келин менен далай адамдын башын айлантып, сызга отургузган цыган аялдын былыктары тизмектелди.

40 миң сомго бааланган өмүр

© Фото / Мирбек Сакенов40 миң сомго бааланган өмүр
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
40 миң сомго бааланган өмүр
Окуя үч жыл чогуу түтүн булатып келген түгөйлөрдүн ортосунда болгон. Бир балалуу болгондон кийин деле алар кез-кезде урушуп, үй ээси мас болуп келип келинчегине кол көтөрүп да койчу экен. Ошондой майрамдардын бири кошунасыныкында уланып, досторкон үстүндө отурган эркектер уруша кетет. Сөз көбөйүп отуруп, үй ээси мейман аял менен соодалашып, 40 миң сомго анын күйөөсүн көз алдында бычактап өлтүргөн. Андан соң сөөктү люктун ичине ыргытып салган. Кылмыш ошол эле күнү ачыкталып, киши өмүрүнө забын болгон аял да, эркек да укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Шылуун цыган

© Sputnik / Мирбек СакеновШылуун цыган
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шылуун цыган
Бишкекте жашаган 34 жаштагы цыган аял далай адамдын башын айлантып, ондогон адамды сызга отургузуп келген. Ал колго түшкөндөн кийин 38 жабырлануучу кайрылып, ага карата 35 кылмыш иш козголгон. Шектүү узак убакыттан бери "киши дарылайм, сени окутуп салыптыр" деп алдап, ишенчээк кыз-келиндерден 34 миллион рублдан ашкан зер буюмдарын алып из жашырып кеткен.

Чоң муштумдар

© Sputnik / Мирбек СакеновЧоң муштумдар
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чоң муштумдар
Рэкеттер борбор калаадагы муниципалдык ишкананын директорун сабап, өлтүрүп кетебиз деп коркутуп 21 миллион рубль акча талап кылган. Буга чейин алар жабырлануучунун жеңил жана жүк ташуучу автоунаасын да тартып алганы аныкталган. Өз өмүрү үчүн кооптонгон тургун милицияга кайрылып, шектүүлөр атайын операциянын негизинде колго түшүрүлгөн. Топ арасында Абхазиядагы согуштук аракеттерге катышып келген кыргызстандык да болгон.

Майып кыздарды зордуктап…

Төрт жигит эки кыз менен паркта жолугуп, тамак ичели деп алдап шаар четиндеги үйгө алып келген. Кулагы укпаган дудук кыздарга эргулдар арак сунуштап, алар ичпей койгондон кийин өздөрү мас болот. Корккон кыздар качып чыгып, жакын турган үйлөрдүн бирин тыкылдатып, жагдайды түшүндүргүчө беркилер келип, ой-боюна койбой кайра алып кетишет. Андан кийин кол салып, экөөнү төртөөлөп зордукташкан. Сот майыптарды катуу сабап, зордуктагандардын үчөөсүн 6-7 жылдан эркинен ажаратса, бирөөсүн издөөгө алган.

Окуучуну өлтүргөн мыкаачы

© Sputnik / Мирбек СакеновОкуучуну өлтүргөн мыкаачы
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Окуучуну өлтүргөн мыкаачы
Психикалык жактан оорулуу делген 38 жаштагы шаар тургуну тогуз жаштагы баланы бычактап өлтүргөн. Милиционерлер ал шектүүнү издеп жүрүп эки жумадан кийин Кочкор районунан колго түшүрөт. Көрсө, ал буга чейин да өзүнүн бир тууганын өлтүрүп 10 жыл абакта отуруп чыккан экен. Териштирүү маалында жасаганын жарым-жартылай мойнуна алып, окуучу бала көчөдө тийишкендиктен ага бычак шилтегенин айткан.

"Кызганчаак" күйөө

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Кызганчаак" күйөө
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
"Кызганчаак" күйөө
Борбор калаадагы кичирайондордун биринде жашаган 54 жаштагы тургун өзүнүн аялын кызганычтын айынан балта менен чаап өлтүргөн. Андан соң өз өмүрүн кыйып тынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0