Беловодское айылында тепловоз кишини коюп кетти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота снегоуборочной машины по очистке железнодорожных путей
Работа снегоуборочной машины по очистке железнодорожных путей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалыматы боюнча машинист тепловозду токтотууга аракет кылганы менен үлгүргөн эмес.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Беловодское айылында тепловоз эркек кишини коюп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, кырсык 10-ноябрда саат болжол менен 16:00дөр чамасында болгон.

"Милицияга "Беловодск" станциясынын 145-бөлүгүндөгү жолдо азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ дароо чыгып кеткен. Маркумдун ким экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Тепловоз Беловодское айылынын 54 жаштагы тургунун коюп кеткен. Ал темир жолго чуркап чыкканда машинист тепловозду токтотууга үлгүрбөй калган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0