Алимент төлөбөй сыртка чыга албай жүргөн кыргызстандык чек арадан кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики
Заграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. "Ак-Тилек" бекетинен Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Документтерди текшерүү учурунда жаран чек арачыларга 1992-жылкы С.К. аттуу жаранга тийиштүү паспортту көрсөткөн.

"1991-жылы туулган К.Ж. аттуу кыргызстандык жаран балдарына алимент төлөбөй жүргөндүктөн сыртка чыга албай калганын, буга байланыштуу башка бирөөнүн паспортун колдонууга мажбур болгонун моюндады", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0