Бишкекте жүк ташуучу унаа бир нече жеңил машинаны сүзүп кетти

Жазылуу
Кырсыктан жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаада Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде кичи жүк ташуучу унаа жолдо токтоп турган бир нече автону сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кабарлады.

Окуя жекшемби күнү саат 15:00дөн кийин болгон. ЖКККББнын маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаа жол жээгинде токтоп турган Volkswagen, Mazda жана Toyota үлгүсүндөгү унааларды коюп кеткен.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркаган жана каза болгондор жок.

Баса, жол кырсыгы болгон жерге Орозбеков менен Баялинов көчөлөрү жакын жайгашкан. Бул кесилиште светофордун жоктугунан кырсык көп болот. Буга чейин мэрия ал жерге светофор орнотууну убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0