"Жөн жүрө албай калдыңбы?" Жалал-Абадда бычак жеген журналист кыздын окуясы

© Sputnik / Жоомарт УраимовМужчина с ножом
Мужчина с ножом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист 9-ноябрда үйүнөн чыгып баратканда бычак жеген.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда бычак жеген журналист Санрабия Сатыбалдиеванын абалы туруктуу. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучунун классташы Ороз Абдылаев билдирди.

Анын айтымында, журналист Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Ал бүгүн, 9-ноябрда, саат 10.30дар чамасында үйүнүн жанынан бычак жеген.

"Санрабия үйүнөн чыкканда кызыл түстөгү спорттук кийимчен бейтаныш эркек киши келип, алгач документ сыяктуу бир нерсе сураптыр. Андан соң "Сен эмне жөн жүрбөй калгансыңбы?" — деп бычак урган экен, сол колуна тийиптир. Учурда ал ооруканада жатат, абалы жакшы", — деди Абдылаев.

Учурда Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери журналистке кол салган кишини издөө жана тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кабарлашты.

Санрабия Сатыбалдиева YouTube сайты аркылуу обого чыккан "Малина ТВ" каналынын директору болуп саналат. Ал буга чейин бир нече социалдык берүүлөрдү тартып, каналына жайгаштырып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0