Бир адам каза болуп, тогузу ооруканага түштү. Бишкек — Ош жолундагы унаа кырсыгы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-ноябрь күнү саат 10.30дар чамасында жолдун 554-чакырымында жеңил унаалар сүзүшүп алды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 554-чакырымында, тагыраагы, Базар-Коргон районунун Акман айылында Chevrolet жана Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаалар кагышып алганын Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Жалал-Абад милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжасында бир киши каза болуп, тогуз адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Жеринде жол инспекторлору иштеп жатышат. Чогултулган материалдар тергөө органдарына берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0