08:44 21 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8310
  • EUR79.8168
  • RUB1.0647
Тез жардам автоунаасы. Архив

Бир адам каза болуп, тогузу ооруканага түштү. Бишкек — Ош жолундагы унаа кырсыгы

© Sputnik / Павел Лисицын
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (338)
277 0 0

9-ноябрь күнү саат 10.30дар чамасында жолдун 554-чакырымында жеңил унаалар сүзүшүп алды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 554-чакырымында, тагыраагы, Базар-Коргон районунун Акман айылында Chevrolet жана Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаалар кагышып алганын Sputnik Кыргызстандын кабарчысына Жалал-Абад милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алдын-ала маалыматка караганда, Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжасында бир киши каза болуп, тогуз адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Жеринде жол инспекторлору иштеп жатышат. Чогултулган материалдар тергөө органдарына берилет.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (338)

Тема боюнча

Сокулукта жеңил унаа коюп кеткен киши каза тапты
Токмокто жол кырсыктан бир киши каза болду. Милиция сөөктү таанууга жардам сурап жатат
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, унаа, Жалал-Абад облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ