Сокулукта жеңил унаа коюп кеткен киши каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
50 жаштардагы эркек кишини 8-ноябрь күнү Романовка айылынан койдуруп кетишкен.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Сокулук районунун Романовка айылында Nissan Primera үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен жөө киши каза болгонун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Московские вокзалы - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз уул болгон. Москвада поезд сүзүп каза болгон жигиттин туугандары табылды
Маалыматка ылайык, кырсык 8-ноябрь күнү болжол менен саат 21.10дордо болгон. Жолдон өтүп бараткан 50 жаштардагы эркек ошол жерден көз жумган. Азыр анын тек-жайы такталып жатат. 53 жаштагы айдоочу кармалып, чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0