11:58 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Поезд. Архивдик сүрөт

Жалгыз уул болгон. Москвада поезд сүзүп каза болгон жигиттин туугандары табылды

© Sputnik / Артем Житенев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
3347 0 0

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу КРдин миграция кызматы 5-ноябрда каза болгон кыргызстандык жигиттин туугандарын издеп жаткан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Москвада поезд алдына калып набыт болгон кыргызстандык жигиттин туугандары табылды. Бул туурасында Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Улан Кошматов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу каза болгон мекендештин туугандарын издеп жатышкан. Анда 21 жаштагы жигитти 5-ноябрда Москва шаарындагы Белорусский темир жол бекетинде поезд коюп кеткени, сөөгү шаардагы №67 оорукананын өлүкканасында сакталып турганы айтылган.

Кошматов маркумдун жакындары кечээ кечинде байланышка чыкканын билдирди.

"Үйүнө темир жолду кесип өтүп барчу экен. Ошол күнү жумуштан кеч чыгып, саат 21.15тер чамасында бара жатканда поезд коюп кетиптир. Дароо Тез жардам менен ооруканага жеткиргенден кийин үзүлгөн. Мекендешибиз Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган бүлөнүн жалгыз уулу болуп чыкты. Андан башка үч эже-карындашы бар экен. Атасы кайтыш болгондон кийин материалдык жактан кыйналып апасы, бир туугандары менен Москвага иштөө үчүн келишиптир", — деди Кошматов.

Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жиберүү үчүн элден каражат чогултулууда.

Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлү, коомдук ишмер Улан Кошматов менен Sputnik Кыргызстан маек куруп, мигранттардын көйгөйү, чет жерде каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү түйшүгү тууралуу маектешкен.


 

Тема боюнча

Москвада поезд сүзгөн кыргыз жигит каза тапты. Миграция кызматы туугандарын издөөдө
Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт
Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
Белгилер:
поезд, өлүм, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ