01:34 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Спайсик ити. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу иттин өлүмү боюнча киши соттолду

© Фото / Гуля Алмамбетова
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
742 0 0

Бүгүн үчүнчү ирет сот отуруму болуп, айыпталуучуга өкүм чыкты.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда иттин өлүмү боюнча иш каралып, айыпталуучу жазага тартылды.

Соттун өкүмү менен итти уурдаган Темиркул Сатыбалдиев күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркиндиги чектелип, 35 миң сом компенсация төлөө жана иттин каргысын кайтарып берүүгө милдеттендирилди. Эми ал үч күндүн ичинде Жаза аткаруу кызматына барып каттоого туруп, Бишкек шаарынан башка жакка чыгуунун жана жашаган жерин алмаштыруунун алдында укук коргоо органдарына кабарлап турушу кажет.

Бул иш боюнча буга чейин эки ирет сот отуруму болгон. Соттолуучу итти уурдаганын моюнга алып, бирок өлтүрүү ниети болбогонун айтты. Жаныбарды үйүнө алып баргандан кийин башка иттер сыяктуу эле тамак бергенде ал ууланып өлүп калган. Бул үчүн ээсинен кечирим сурады.

Белгилей кетсек, Гуля Алмамбетованын үй-бүлөсү алты жылдан бери багып келген Спайсик аттуу ити ушул жылдын июль айында жоголуп кеткен. Бул тууралуу жаныбардын ээси социалдык тармактагы баракчасына жарыялап,  шаардыктардан жардам сураган. Август айында итти уурдады делген адамдын үйү табылгандан кийин Спайсиктин өлүп калганы маалымдалган. Мындан улам Алмамбетова сотко арыз жазган.

Доо ээси соттун өкүмү менен макул экенин айтып, иштин аягына чыгышына жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

Тема боюнча

Иттин өлүмү боюнча сот болду! Кыргызстанда биринчи жолу кездешкен окуя
Белгилер:
айыпталуучу, ит, сот, Гуля Алмамбетова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ