Бишкекте кийим-кече жана кездеме сакталган кампа толук күйүп кетти

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуТушение пожара в двухэтажном здании на улице Элебесова в Бишкеке
Тушение пожара в двухэтажном здании на улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт 6-ноябрга караган түнү Элебесов көчөсүндөгү имараттан чыккан.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Контейнерден жасалган үч кабаттуу кампада 5-ноябрдын түнүндө өрт чыгып, ал толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу
Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр дароо чыккан. Тилсиз жоодон имарат толугу менен күйүп кеткен.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул имарат мурда дүкөн болгон. Эки ай мурун аны мейманкана кылып жасап, бирок пайдаланууга берүүгө үлгүрбөй калышкан. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, кампадагы кийим-кечелер менен кездемелер күйгөн.

Өрт толугу менен саат 5:10до өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0