Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан бир киши каза болду

Жазылуу
Жол кырсыгы 4-ноябрда саат 03:40дар чамасында катталган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кара-Коо — Коңур-Өлөң жолунда Ford Focus менен Volkswagen Passat автоунаалары кагышып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 4-ноябрда саат 03:40 чамасында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Ford Focus унаасындагы 5 адам жабыркап, Volkswagen унаасынын айдоочусу каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип маркумдун сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0