01:31 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан бир киши каза болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (336)
143 0 0

Жол кырсыгы 4-ноябрда саат 03:40дар чамасында катталган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кара-Коо — Коңур-Өлөң жолунда Ford Focus менен Volkswagen Passat автоунаалары кагышып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 4-ноябрда саат 03:40 чамасында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Ford Focus унаасындагы 5 адам жабыркап, Volkswagen унаасынын айдоочусу каза болду", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип маркумдун сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылган.

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (336)

Тема боюнча

Бишкекте Lexus LX 470тин үч унааны сүзүп качып кеткени видеого түшүп калган
Бир аял өлүп, үч киши ооруканада. Бишкектин жанындагы жол кырсыктын сүрөттөрү
Алматы — Бишкек жолундагы жол кырсыктан 21 киши жабыркады. Видео
Белгилер:
жол кырсыгы, ӨКМ, Ысык-Көл облусу, Тоң
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ