Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сот болчу күн аныкталды

© пресс-служба политпартии "Республика"Шадиев Аскарбек Алимбаевич
Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн материалдары сотко өттү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин ишин 5-ноябрда карайт. Бул тууралуу соттон маалымдашты.

Кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өттү.

ЖК депутаты Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камактагы компанияларынын экөө эбак жоюлган. Шадиевдин мал-мүлкү тууралуу
Шадиев 6-апрель күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Буга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.

Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Кожент — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.

Шадиевге "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0