Бир аял өлүп, үч киши ооруканада. Бишкектин жанындагы жол кырсыктын сүрөттөрү

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиСтолкновение авто на объездной трассе близ Бишкека
Столкновение авто на объездной трассе близ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 2-ноябрь күнү саат 9.00дө болду.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин четиндеги айланма жолдун "ГЭС-5ке" жакын жеринен Volkswagen Jetta жана Golf III унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Чүй милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 2-ноябрь күнү саат 9.00дө болгон.

"Каргашанын кесепетинен 60 жаштагы аял көз жумуп, дагы үч киши оорукана жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте ири жол кырсыгы болгонун күбө айдоочулардын WhatsApp тиркемесиндеги тобуна маалымдады - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки унаа кагышып 8 киши жабыркады. Сүрөт
Алдын ала маалыматка караганда, унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кетип, кырсыкка учураган. Мындан тышкары, ЖКККБдан билдиришкендей, бул аймакта кооптуу бурулуш бар экени тууралуу белги коюлуп, жол чийиндери так жана даана көрсөтүлгөн.

Аба ырайы начарлап, жаан-чачын көп болуп жатканына байланыштуу инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга жол эрежелерин сактап, абайлап жүрүүнү эскертет.

Түнкүсүн айдоочулар ылдамдык режимин сактап, каршы тилкеге чыкпашы зарыл. Ал эми жөө адамдар унаанын жарыгынан жаркырап көрүнө турган элементтери бар кийим кийиши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0