Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кызылчадан бир наристе чарчап калды. Балдарды тооруп турган илдет тууралуу

© AFP / THOMAS SAMSON Больница Марии Ланнелонге в Париже
Больница Марии Ланнелонге в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь-октябрь айларында 500 адам кызылчага кабылды. Алардын 48 пайызы бир жашка чыга элек балдар.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Октябрь айында кызылча илдетинен бир кыз чарчап калды. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik агенттигинде өткөн "КРде кызылча оорусу күч алды" деген аталыштагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын билдиргенине караганда, чарчап калган наристе алты айлык болчу.

"Ымыркайдын башка дагы илдеттери болгон. Анын дем алуу органдары жабыркап, андан ары пневмонияга өтүп кеткен. Ошондуктан ата-энелерге баланы өз убагында эмдеткиле деп сунуштаар элем", — деди Ишенапысова.

Адис кошумчалагандай, быйыл январь-октябрь айларында 500 адам кызылчага кабылды. Анын ичинен 48 пайызы бир жашка чыга элек балдар. Ооругандардын 300ү Бишкекте болсо, 100ү Чүй облусунун тургундары экени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0