УКМК: Икрамжан Илмиянов бир кишилик камерага которулду

© Фото / секретариат СДПКБывший советник экс-президента КР Икрамжан Илмиянов
Бывший советник экс-президента КР Икрамжан Илмиянов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Илмиянов жалгыз отурууну суранып жатканын айткан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган, экс-президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жалгыз кишилик камерага которулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов тастыктады.

Буга чейин Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Илмиянов жалгыз отурууну суранып жатканын айткан.

"Тергөө абагына Жантөрө Сатылбадиевдин жактоочусунун суранычы менен биздин кызматкерлер барган. Ошондо Икрамжан Илмияновдун абалынан дагы кабар алышты. Ал өзү эч нерсеге даттанган эмес. Болгону жалгыз отурууну каалап жатканын айткан", — деди Сулайманов.

УКМК өкүлү абакка аталган борбордун кызматкерлери барып кеткенин жана шектелүүчү Илмияновдун жалгыз отуруу өтүнүчү орундатылганын тастыктады.

Церемония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР - Sputnik Кыргызстан
Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу эмне белгилүү
Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон. Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президент аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0