Жээнбеков иштен алган дагы бир сот кылмыш жоопкерчилигине тартылат

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы сотту кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунун соту Мардес Феликс мыйзам алдында жооп берүү үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

ИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт
Кыргызстандын соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы кызматтан алынган сотту кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берди. Сот кайсы берене боюнча айыпталып жатканы такталган эмес.

Дисциплинардык комиссиянын жыйыны 27-октябрда болгон.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны кызматтан алып, ага экинчи кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0