Сузак: айдоочуну бычактап, унаасын айдай качкан шектүү кырсыктап колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү өз көрсөтмөсүндө таш заводдо иштегендигин, жумушунан чыгып калып курсагы ачкандыктан таксисттен акча алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.

ЖАЛАЛ-АБАД, 29-окт. – Sputnik. Сузак районунун аймагында Ош — Бишкек жолунда таксистке бир нече жолу бычак уруп унаасын айдап, изин жашырып кеткен шектүү жигит 28-октябрда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, окуя ушул жылдын 11-октябрында саат 21.00дөр чамасында болгон.

"Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө "Бергбай" такси тейлөө фирмасында Toyota ist унаасы менен иштеп жаткан Авазбек аттуу айдоочуну 20-25 жаштагы жигит жалдап, Ош — Бишкек жолуна жеткирип коюуну өтүнөт. Аталган аймакка барганда кардар Бишкек тараптан жүк күтүп аларын айтат. Таксист анын сөзүнө ишенет. Ошол мезгилде жүргүнчү айдоочунун желкесине, кулак түпкө жана бетине бычак урат. Айдоочу унаадан качып чыгып жолдо келе жаткан унааларды токтотуп, ооруканага барган. Ал эми кардар унааны айдап, Бишкекти көздөй айдап бара жатып, Топурак-Белден жол кырсыгына учураган. Андан соң унааны таштай из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Москвада кыргызстандыктар мушташып, 19 жаштагы бала бычак жеп каза болду
Аталган факты боюнча Сузак райондук милициясы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

28-октябрь күнү Криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду. Ал өз көрсөтмөсүндө буга чейин аталган райондо таш заводдо иштегендигин, жумушунан чыгып калгандыктан окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксисттен акча алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0