Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титиреди

Жазылуу
Жер титирөө Казан-Куйган, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-октябрда саат 07:51де катталган.

"Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Сентябрдын аягында Ат-Башы районунда да жер силкинген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0